Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

7:10 Бүгүн Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуяга үч жыл толот


Буга байланыштуу Бишкекте “Кылым шамы” укуктук борбору Анжиян окуясында бейкүнөө курман болгондорду эскерип кечээ (12-майда) тегерек үстөл жыйынын өткөрдү. Анда Анжияндагы кандуу окуя жөнүндө видеотасма көрсөтүлүп, тоталитардык жана авторитардык бийликтин курмандыктары, адам укуктарынын тебелениши тууралуу доклад окулду. Ошондой эле Кыргызстандагы Аксы окуясы, “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүнүн тартип коргоо кызматы тарабынан кармалышы, “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөлөрүнө каршы Түп айылында чагымчылардын уюштурулушу боюнча видео тасма көрсөтүлдү. Өлкөдө адам укуктарынын бузулушу, бул багытта бийликтин алсыздыгы белгиленди. (AJ)

XS
SM
MD
LG