Катуу жер титирөө кечээ Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан Сычуан аймагында болгон. Зилзаланын күчү сегиз баллга жакын болгону кабарланууда. Кытай төрагасы Хй Цзинтао бийликти адамдардын өмүрүн сактап калуугу болгон аракетти жумшоону милдеттендирди. Ири дүйнө лидерлери расмий Бээжинге көңүл айтып, ар тараптуу жардам берүүгө даярдыгын билдиришти.