Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

10:48 Кытайдагы жер титирөөдөн кыргыз жарандары жапа чеккен жок


Кечээ түштөн кийин Кытайдын Сычуань аймагында күчү 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Расмий маалыматтарда зилзаладан 107 адам ажал таап, дагы 34 киши бейдарек экени айтылууда. Кытай мамлекеттик ММКсы Бейчуань уездинде зилзала курмандыктарынын саны үч миңден беш миңге чейин экенин, дагы 10 минден ашуун адам жаракат алганын кабарлаган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кечээ кечиндеги маалымат боюнча курман болгондордун жана жапа чеккендердин тизмесинде кыргыз жарандары жок экенин билдирди. Бул өлкөдөгү кыргыз элчилигинен Сычуань аймагындагы Чунцин шаарында учурда Султан Жумамудинов жана Алмаз Кулукеев аттуу эки кыргыз студенти билим алып жатканын, алар экөө тең эч кандай жапа чекпегенин жана сак-саламат экенин айтышканын кабарлады. Элчилик зилзаладан улам бул аймактардагы кыргыз жарандарына байланышкан жагдайга көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.(SM)

XS
SM
MD
LG