Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

13:05 Кыргыз президенти Кытайдын төрагасына көңүл айтты


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев 12-майда Сычуань провинциясындагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында болгон көп сандагы курмандыктарга байланыштуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаого көңүл айтуу телеграммасын жолдогонун президенттин маалымат кызматы кабарлады. “Сычуань провинциясындагы катуу жер титирөөнүн натыйжасында болгон көп сандагы курмандыктар жөнүндөгү кабарды кайгыруу сезими менен кабыл алдым. Ушул кайгылуу окуяга байланыштуу чын дилден чыккан жана терең көңүл айтуубузду Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атыман кабыл алыңыз, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына биздин көңүл айткан сөздөрүбүздү билдирип, жапа чеккендердин баарына тез арада айыгып кетүүлөрүн каалап коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат бул көңүл айтуу телеграммасында.(SM)

XS
SM
MD
LG