Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

АКШ президенти Буш орус лидери Медведев менен Грузия боюнча сүйлөшүүдө


АКШнын президенти Жорж Буш телефон аркылуу Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев менен Орусия-Грузия тирешүүсү боюнча пикир алышты. Орусия-Грузия алакалары Москванын жикчил аймактар – Абхазия жана Түштүк Осетияны колдогон саясатынан улам акыркы кездерде өтө эле курчуп кеткен. Буш бул суроо боюнча өзүнүн “кооптонуусун” билдирип, тараптарды абалды жакшыртуу үчүн аракет көрүүсүн өтүндү. Мурдараак Евробиримдик Грузиянын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн колдогон.

XS
SM
MD
LG