Нарын районундагы Кызылоктябрь айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карабик тилкесиндеги ипподром сарайында мал багуучу Акылбек Жумалиевдин карамагындагы 540 кой-эчкинин арасынан 31 кой жана 3 козу дартка чалдыккан. Райондун башкы мал догдуру Жантай Бариев бул илдет малдын күл оорусунун белгилери катары саналып жаткандыгын белгилеп, дарт Нарын шаарынан кошулган малдардан чыккандыгын кошумчалайт. Ал эми Нарын шаардык ветеринария башкармасынын жетекчиси Ишенбек Алманбетов Нарын шаарынын 17 адамы мал кошкондугун, бирок дарт жергиликтүү, же шаардан барган малдан жуккандыгы аныктала электигин айтат. Чыгыш аймактык ветеринария башкармасынын акиминин орунбасары Калыбек Мусуралиев оору чыккан аймакка 5 миң доза өлчөмүндөгү вакцина жеткирилип, дарылоо иштери жүрүп жаткандыгын, өлүмгө учуруган эки баш кой өрттөлүп жок кылынгандыгын билдирди. (KUs)