Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

17:59 Өтө коркунучтуу террорчу деп айыпталган Абдулхай Юлдашев акталып чыкты


Үстүбүздөгү жылдын январь айында Өзгөн шаарында ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалып, КРсынын Кылмыш жана жаза кодексинин он эки беренеси боюнча “терроризм, улуттук араздашууну козгогон, тартип коргоо органдарынын кызматкерин өлтүргөн” жана башка бир топ айыптар тагылган Абдулхай Юлдашев, өзүнө тагылган кинелерден акталып чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Абдулхай Юлдашевдин агасы Абдраим Юлдашев 13-майда кабарлап, инисинин денсоолугу өтө начарлап кеткенин кошумчалады. Учурда Кадамжай райондук сотунун өкүмү боюнча Абдулхай Юлдашевге Кылмыш жаза кодексинин 339-беренеси боюнча «кылмышты жаап жашыруу» деген айып калтырылып, шарттуу эркинен эки жылга ажыратылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук прокуратурасынан маалымдашты. (SA)

XS
SM
MD
LG