Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

7:10 Бүгүн Жалалабатта Республикалык аскер соту Аксы окуясына байланыштуу ишти улантат


Анда Кудайбергенов, Дубанаев, Токобаевдин Аксы окуясы боюнча Бишкек гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызы каралат. Өткөн жылы октябрда Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталган ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди коюлган айыптар далилденбегендигине байланыштуу актап, ал эми облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергеновду жана областтык милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ошондой эле бүгүн түштөн кийин Бишкек гарнизондук аскер соту Жалалабатта ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиевге байланыштуу кылмыш ишин кароону улантышы күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG