Айрым маалымат каражаттары мамлекет башчы Курманбек Бакиев иш сапарында Тажикстандын Согди облусуна барып президент Эмомали Рахмон менен жолугушарын, анда кыргыз-тажик чекарасына байланыштуу маселе талкууланарын жазып чыгышты. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо президенттин Согди облусуна барар-барбасын тактап, бүгүн маалымат берерин “Азаттыкка” кабарлады. (AJ)