Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Кытайда зилзаладан курман болгондордун саны өсүүдө


Миңдеген кытай жоокерлери катуу жер титирөөнүн очогу болгон Сычуан аймагында уранды астында калган тирүү адамдарды куткарып жатышат. Расмий бийлик зилзалада он эки миңден ашуун адам каза тапканын кабарлаган. Сычуандагы Мяняң шаарында он сегиз жарым миңден ашуун адам, дагы башка аймактарда миңдеген тургундар урандыга басылып калды. Күчү сегиз баллга жакындаган мындай жер титирөө Кытайда отуз жылдан бери каттала элек болчу.

XS
SM
MD
LG