Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

10:39 Игорь Чудинов: майдын аягында Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр аяктайт


Бул тууралуу премьер министр Игорь Чудинов кечээ Кумтөр алтын кенине сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөрдө Кыргыз өкмөтү “Сентерра Голд” ишканасында Кыргызстандын кызыкчылыгын арттыруу аракетин улантат.
Былтыр Алмаз Атамбаев өкмөт башында турганда “Камеко” Корпорациясы менен Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын “Сентерра голд” ишканасындагы үлүшүн 15%тен 32%ке көтөрүүнү макулдашкан. Бирок, макулдашуу парламентте ратификациялана электигине байланыштуу анын ишке киргизүү мөөнөтү узартылган.
Бул аралыкта айрым депутаттар Кыргызстандын үлүшүн 51%ке жеткирүүнү сунуш кылышса, айрымдары кенди иштетүүнү толугу менен Кыргызстандын карамагына берүү демилгесин да көтөрүп жатышат. Болжолдуу маалыматтарга караганда өкмөт макулдашууну парламентке кайрадан майдын этегинде сунуштаары күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG