Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

13:03 Кенже курактагы балдардын кейиштүү маселелерин караган кеп-кеңеш өтүүдө


ЮНИСЕФ Бишкекте кенже курактагы балдардын өсүп-өнүгүүсүнө байланышкан проблемаларга арналган тегерек үстөл жыйынын өткөрүүдө. Иш чаранын максаты мамлекеттик органдар, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын ортосунда балдарды багып-тарбиялоо багытындагы бирдиктүү саясат иштеп чыгуу болуп саналат. Кыргызстанда жаш балдарды окутуу жана тарбиялоо жаатындагы маселелер абдан кейиштүү абалда. Совет мезгилинде курулган бала-бакчалардын көбү жабылып, менчик колго өтүп кеткендиктен, айыл жеринде балдардын 4,1 пайызынын гана мектепке даярданганга мүмкүнчүлүгү бар. Дал ушул себептүү башталгыч класстарда окуудан жетишпегендиктен окуучулар мектепке барбай койгон учурлар көп кездешүүдө. Мамлекеттик казынадан мектепке чейинки тарбия мекемелерине бөлүнгөн каражаттар эгемендик жылдары абдан азайып кеткен. Тегерек үстөл үстүндөгү жыйында ата мекендик жана эл аралык эксперттер Кыргызстанда кенже курактагы балдардын окутуп-тарбиялоонун сапатын көтөрүү боюнча кеп-кеңештерин бөлүшүүдө. (KCh)

XS
SM
MD
LG