Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

13:36 Токмокто президентти кетирүүгө багытталган акция өтөт


15-майда кечки саат 17:00дө Токмок шаарынын борбордук аянтында “Президентке кызматынан кетүүгө жардам беребиз” аттуу акция өтөт. Акциянын максаты Кыргызстандын жарандарынан президентти кетирүү үчүн кол топтоп, баш мыйзамдын 50-бересинде көрсөтүлгөндөй өз ыктыяры менен анын кызматынан баш тартуусун шарттоо болуп саналат. Бул акцияны “Адам укуктары боюнча Токмок ресурстук борбору” уюштуруп жатат. Борбордун жетекчиси Максим Кулешовдун айтымында, демократияны колдоп диктатурага каршы туруу үчүн өткөрүлө турган акция тууралуу маалымат Токмок шаар жетекчилигине 6-майда эле берилген. Акция учурунда бардык каалоочулар президентке өз атынан кайрылуу жолдой алат жана ал кайрылуулар президенттин администрациясына берилмекчи. “Акция учурунда президентти кетирүүгө багытталган кайрылууларга жарандар кол коюшат”,- дейт Максим Кулешов. (IJz)

XS
SM
MD
LG