Адам укуктары жаатында иш алып барган “Human Rights Watch” (Хьюман Райтс Вотч) уюму Кыргызстандын аймагына чегараны бузуп өткөндүгү үчүн айыпталып, Ош шаарында абакта жаткан өзбекстандык Эркин Халиковдун тагдырына тынчсызданып жатат. Бул тууралуу “Human Rights Watch” уюму кечээ билдирүү тараткан. Билдирүүдө 12-май күнү өзбекстандык күч органдарынын кызматкерлери Ош шаарына келишип, Эркин Халиковду артка алып кетүүгө аракет кылышканы, бирок түрмөнүн жетекчилиги анын иши кароодо болгондуктан Өзбекстан тарапка өткөрүп берүүдөн баш тарканы айтылат. Өзбекстандык качкынды артка кайтарбай кыргыз тарап туура кылганын айткан уюм, өзбек күч органдары аны кайра да алып кетүүгө аракет кылуулары толук мүмкүн экенин, эгер алып кете турган болушса Э.Халиков кыйноолорго туш болушу мүмкүн экендигин айтып тынчсызданууда. Анткени, өзбек күч органдары аны диний-экстремизм үчүн айыпталгандардын тизмесине кошуп, издөөгө алууда делет. Эгер качкын артка кайтарылса Кыргызстан өзүнүн эларалык милдеттенмелерин аткарбаган болот деп айтылат билдирүүдө. (IJz)