Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:34

16:01 Баш прокуратура: Эркин Халиковду Өзбек бийлиги алып кетүүгө укуктуу


Учурда Кыргызстан аймагында жаза өтөп жаткан өзбекстандык жаран Эркин Халиковду экстрадиция жасоого башкы прокуратура март айында Эл аралык келишимдердин негизинде уруксат берген. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокуратурасынын Эл аралык байланыштарды камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эмил Алымов “Азаттыкка” билдирди. Прокуратура өкүлүнүн маалыматына караганда, Халиковду өз карамагына берүүнү сурап Өзбекстандын башкы прокуратурасы биринчи жолу ал соттоло электе, экинчи ирет соттолгондон кийин кайрылган. Баш калка издеп келген Холиковду Кыргызстан тарап Сузак районунун аймагынан 2007-жылдын 21-августунда чегараны мыйзамсыз өттү деп кармап, 2008-жылдын 6-мартында төрт жылга эркинен ажыраткан. Адвокат Садыкжан Махмудовдун билдиргенине караганда, Халиков качкын макамын берүүнү сурап Миграция комитетине кайрылып, бирок, арызын өткөрө алган эмес. Баш прокуратуранын өкүлүнүн пикиринде, Халиков качкын макамын сурап Баш прокуратура аны экстрадициялоого уруксат бергенден кийин кайрылган. Бул аралыкта БУУнун атайын докладчысы Халиковду Өзбекстанга өткөрүп берүү кооптуу экендигин эскертүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG