Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

11:44 Абсамат Масалиевдин 75 жылдыгына арналган илимий конференция өтөт


Эртең 16–май күнү саат 14.00дө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жал кампусунда Гуманитардык факультеттин демилгеси менен «Ата Мекенге арналган өмүр» аттуу илимий конференция өткөрүлмөкчү. Бул илимий жыйын Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 75 жылдыгына арналмакчы. Конференциянын ишине белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрү катышышат. Конференцияда Абсамат Масалиевдин замандаштары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшебек Акунов, Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген ишмер Орозбек Дүйшеев, Кыргыз эл жазуучусу Өcкөн Даникеев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессорлору, академик Турар Койчуев, Кубанычбек Идиновдор сөз сүйлөшөт. Илимий конференцияда Кыргыз Республикасынын Эл баатыры жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин өрнөктүү инсандык өмүр жолу тууралуу чакан видео фильм көрсөтүлөт. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG