Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

12:14 К.Бакиев: Кызылкыя цемент заводунун курулушу оппозициянын айынан бир жылга кечикти


Мындай пикирин бүгүн президент Курманбек Бакиев Кызылкыя заводунун курулушчулары менен жолугушуу учурунда билдирди. Президентти коштоп жүргөн Бишкек шаар мэри Даняр Үсөновдун журналисттерге билдиргенине караганда, Кызылкыя цемент заводу 2009-жылдын 28-февралында цемент чыгара баштайт.

Ишкана жылына 1млн. тонна цемент чыгарып, анын 500 миңи ички рынокто, калганы чет өлкөлөргө сатылат. Цементтин наркы ошол кездеги базар баасына жараша аныкталат.

Кошумчалап койчу жагы, мурдагы биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөновдун билдиргенине караганда, Кызылкыядагы цемент чыгаруучу жабык акционердик коомду куруу үчүн кытайлык инвестиция Казакстандын “Казына” инвестицилык фондунун кепилдиги астында алынган. Түштүктө бул ишкана менен теңата Аксай цемент заводун куруу демилгеси көтөрүлүп, кийин ал токтоп калган. Аксай долбоору ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин колдоосуна ээ болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG