Бул тууралуу СДПнын мүчөсү Эдил Байсалов “Де-факто” гезитине берген интервьюсунда билдирди. Байсаловдун айтымында, саясатчы Швецияга үйбүлө шартына байланыштуу жайгашып турат, Кыргызстанга качан кайтып келери белгисиз. СДПнын жооптуу катчысы Эдил Байсалов 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун алдында БШКга зыян алып келди деген кине коюлуп, партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган. Буга Байсаловдун добуш берүү үчүн даярдалган бюллетенди өзүнүн сайтына мөөнөтүнөн мурда жайгаштырышы себеп болгон. Муну кылмыш деп эсептебеген Эдил Байсалов Баш прокуратура ага каршы кылмыш козгогондон кийин Бишкектен Алматыга чыгып кеткен. (BuS)