Бүгүн Жалалабатта Республикалык аскер соту Зоотбек Кудайбергенов, Садырбек Дубанаев, Кубанычбек Токобаевдин Аксы окуясы боюнча Бишкек гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу доо арызын кароону улантат. Жогоруда аты аталгандарга Элдик сот өз баасын бергенин, азыркы сот адилетсиз чечим чыгарарын айтып, жабырлануучулардын жактоочусу Сартпай Жайчыбеков сот жараянына катышуудан баш тарткан. (AJ)