Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Ата мекенге арналган өмүр” аттуу илимий конференцияга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Анда кыргыз Эл баатыры жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин өрнөктүү инсандык өмүр жолу тууралуу чакан видеофильм көрсөтүлөт. (AJ)