Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Катарда бүгүн ливан өкмөтү менен оппозициялык “Хезболла” уюму жолугушат


Алар учурдагы саясий араздашуудан чыгуу жолдорун талкуулашмакчы. Ливандагы кризис бир жарым жылдан бери өкмөт ишине тоскоол болуп, былтыр ноябрдан бери парламент президентти шайлай албай келет. Буга чейин Ливан бийлиги менен “Хезболла” кыймылы чатакташпоо тууралуу макулдашууга келишкенин араб өлкөлөрүнүн Лигасы кабарлаган. Келишимге ылайык “Хезболла” тобу Бейрутта тосуп алган жолдорун жана абамайданды бошотмой болгон. Өткөн жумада ливан өкмөтүн колдогон топтор менен “Хезболла” кыймылы кагылышып, бери дегенде алтымыш адам ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG