Александр Козулин түрмөдөн жазган катында өкмөт өкүлдөрү эгер ал өлкөдөн чыгып кетүүгө макул болсо абактан бошотууга убада бергенин билдирди. Белорус оппозиция лидери сунушту кабыл албагандыгын өлкө башчысы Александр Лукашенкого “баш ийип, тизелегиси” келбегендиги менен түшүндүрдү. Козулин 2006-жылкы президенттик шайлоо жыйынтыгына нааразыланып, каршылык иш-чара өткөргөндүгү үчүн камалган.