Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

12:55 Эсеп палатасынын кеңеши “Таза суу” программасынын кемчиликтерин аныктады


Бүгүн Эсеп палатасынын кеңеши “айыл жерин таза суу менен камсыз кылуу” сыяктуу долбоорлорго коротулуп жаткан бюджеттик жана кредиттик каражаттардын эффективдүү пайдаланылышы тууралуу аудиттик материалды карап, бир катар кемчиликтерди аныктады. Бул боюнча Эсеп палатасынын аудитору Ысмайыл Кайымов билдирүү жасап, Айыл жергесин суу менен камсыз кылуу департаменти жана долбоорлорду башкаруу бөлүмү тарабынан 78,6 миллион сом өлчөмүндөгү кредиттик каражаттар туура эмес пайдаланылганына көңүл бурду. Ошондой эле аудит жүргүзүлүп, айыл жергесинен сурамжылоо жүргүзгөн учурда жергиликтүү тургундар суу менен камсыз кылуу жаатында иштеген уюмдардын иштерине канаатанышкан эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG