Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

13:50 Депутат Бегалы Наргозуев кесиптештерин Туңгуч театрына чакырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бегалы Наргозуев жарыя жасап, Жогорку Кеңештин депутаттарын театрга чакырды. Анын айтымында, маданият кызматкерлери акыркы кездерде депутаттар, чиновниктер маданиятка көңүл бурбай, театрга барбай калышканын айтып көп даттанышууда. “Мен Туңгуч театрына кийинки шейшембиге бардык депутаттарды чакырам. Өзүмдүн чөнтөгүмөн токсон билет, токсон шампан алып койдум”,- деди Бегалы Наргозуев. Айта кетсек, депутат Бегалы Наргозуев “Агым” гезитинин, “Esen-air” авиакомпаниясынын кожоюну болуп саналат. (IJz)

XS
SM
MD
LG