Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:40

14:38 Жер титирөөдөн жабыркаган Кытайга Кыргызстан жардам көрсөтөт


Өкмөттүн токтомуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21 кишиден турган издөөчү-куткаруучу топ түзүп, аны тийиштүү шаймандары менен Кытайга жөнөтүүгө тийиш. Өкмөт ошондой жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жүк жөнөтүү маселесин да чечүүдө. Премьер-министр Игорь Чудинов жер титирөө алып келген кесепеттерге байланыштуу Кытай өкмөт башчысына көңүл айтуу жолдогон. Кытайдын Сычуан провинциясында күчү 7 баллга жеткен зилзаладан көптөгөн кыйроолор орун алып, миңдеген адамдар курман болгону кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG