Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:47

16:45 К.Бакиев: Чегара маселеси аябагандай жоопкерчиликти талап кылган, кылдат маселе


Бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Согди облусундагы Хожент шаарында жолугушуудан соң журналисттердин алдында ушундай пикирин билдирди. Өз сөзүндө ал чегара маселесине жана региондор аралык кызматташууга басым жасап, бул жааттагы иштер түшүнүшүү менен чечилиши керектигин айтты. “Чегара маселеси аябагандай жоопкерчиликти талап кылган, кылдат маселе. Бул жерде элдин бейпилдигин бузган ар кандай чагымдарга орун жок. Биз мындан улам чегарага жакын райондордо ар кандай маселе пайда болсо тез арада чечүү үчүн топторду түзүү тууралуу келиштик”,- деди К.Бакиев. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы бул сыяктуу маселелер эзелтен келаткан достук мамилелердин негизинде чечилиши керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG