Кытай төрагасы Ху Цзиньтао жер титирөөдөн жабыр адамдардын өмүрүн сактоо иштери кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышат. “Синьхуа” маалымат агенттиги кабарлагандай, Ху Цзиньтао зилзала болгон жерде жардам көрсөтүп жүрүшкөн 130 миң жоокер менен да жолукмакчы. Кытайдагы зилзаладан курман болгондордун саны расмий маалыматтар боюнча 19 миңден ашты. Бирок өкмөттүн билдиришинче, 40 миңден ашып кетиши мүмкүн.