Грузиянын кайра кызматташуу боюнча министри Темур Йакобашвили Грузиянын жикчил аймактарындагы – Абхазия жана Түштүк Осетиядагы чатакты чечүүнүн жолдорун талкуулоо максатында бүгүн Москвага келди. Орусиянын “Коммерсант” гезити маалымдагандай, Йакобашвили Орусиияга калабаны тынчтык жолу менен чечүү жолдорун талкуулаган конференция өткөрүүнү сунуштайт. Орусиянын Түштүк Осетия жана Абхазия менен алакаларын жакшыртуу боюнча жакындагы чечими Тбилиси-Москва ортосундагы мамилелерди ого бетер курчутуп жиберген.