Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Кытайдагы зилзаладан курман болгондордун саны 22 миңден ашты


Кытай төрагасы жер титирөө болгон Сычуань аймагына учуп келди. Кытай төрагасы Ху Цзиньтао жер титирөөдөн жабырланган адамдардын өмүрүн сактоо иштери кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышат. “Синьхуа” маалымат агенттиги кабарлагандай, Ху Цзиньтао зилзала болгон жерде жардам көрсөтүп жүрүшкөн 130 миң жоокер менен да жолукмакчы. Кытайдагы зилзаладан курман болгондордун саны расмий маалыматтар боюнча 22 миңден ашты. Бирок өкмөттүн билдиришинче, бул сан 50 миңден ашып кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG