Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

10:30 “Замандаш” партиясынын экинчи курултайы башталды


Партиянын төрагасы Мухтар Өмүракуновдун билдирүүсү боюнча, курултайдын күн тартибиндеги башкы маселе- партия уставы менен программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү. Андай зарылдык партиянын жер-жерлердеги аракеттерин күчөтүп, баштапкы уюмдарды түзүү жана партиялык иш жүргүзүү принциптерин тактоодон улам пайда болду. Тутумунда азыр 70 миңге чукул мүчөсү бар партия күзүндө болчу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып, кезектеги парламенттик шайлоого кам көрүү багыттарын да талдайт. “Замандаш” партиясы чет жерде жүргөн мигранттардын укугун коргоо максаты менен түзүлгөн “Замандаш” ассоциациясынын алкагында пайда болгон. (BD)

XS
SM
MD
LG