Коңшу Казакстанды каптаган экономикалык кризистен улам акыркы эки айдан бери Алматы базарларында соода кылган кыргыздардын иши жүрүшпөй, алардын басымдуу бөлүгү же Кыргызстанга кайра кайтып, же андан ары Орусияга жөнөп кетүүгө камданууда деп билдирди “Азаттыкка” “Изилдөө жана коомдук өнүгүү” борборунун жетекчиси Бурул Усманалиева. “Контейнерлердин баасы эки эсе арзандап, батирдин акысы да түшүп, кандайдыр бир депрессия байкалууда. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү бир айча убакыт күтүп, андан ары да иштери жүрүшпөсө соодасын жыйыштырууга даяр. Ушундан улам Кыргызстанда коомдук чыңалуу жаралышы толук ыктымал”, - дейт Б. Усманалиева. “Изилдөө жана коомдук өнүгүү” борбору Казакстан жана Орусияда эмгектенген мигранттардын турмушун “Миграция: Жарандыктын чегин кайра аныктоо” долбоорунун алкагында изилдөөдө. (JTo)