Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

15:48 Бүбүсара Бейшеналиеваны эскерүү жыйыны болду


Жыйын Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнүнө карата уюштурулуп, ага опера жана балет театрында бирге иштеген кесиптештери, уулу Эрмек менен туугандары жана талантын баалаган адамдар чогулушту. Алар бийчининин эстелигине гүл коюшуп, кайталангыс талантын эскеришти. Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов Бүбүсара Бейшеналиева канча кылым өтсө да кыргыздын маданиятынын үлгүсү катары эскериле берет деп билдирди. Б.Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Ташдөбө айылында туулуп, Ленинграддагы мамлекеттик хореографиялык окуу жайды аяктаган. 1941-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында эмгектенип, 1958-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган. (BD)

XS
SM
MD
LG