Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

16:12 “Кыргызстандын жаңы атуулдары” аныкталды


“Атуул” коомдук бирикмеси өткөргөн сынактын натыйжасында “Кыргызстандын жаңы атуулдары” катары Айбек Турдалиев, Айгүл Абдылдаева, Асейин Саралаев, Кумарбек Азимбаев, Мирбек Асангариев, Сейнеп Дыйканбаев, Улан Турсунбаев жана Элнура Эмилкановалар жарыяланды. “Калыстар тобу бул жаштарды жети жүзгө жакын адамдын ичинен бекеринен тандап алган жок деп ойлойм. Мисалы, Айбек Турдалиев Таласта популярдуу “Next FM” радиостанциясын ачып, дубан калкын маалымат менен камсыздап жатат. Ал эми Элнура Эмилканова Ош шаарындагы көзү азиз балдарга Брайль методу менен англис тилин үйрөтүп, эми анын окуучулары АКШга барып келүү үчүн сынактарга катышып жатышат”, - дейт долбоордун башчысы Тимур Байсеркеев. “Атуул” уюму сынакты ушул жылдын февраль айында баштаган. (JTo)

XS
SM
MD
LG