Элчиликтин билдирүүсү боюнча Чынгыз Айтматовдун ден соолугуна Татарстандын жана Москванын белгилүү дарыгерлери көз салып жатышат. 17-майда жазуучунун абалы жакшырып, кичүү уулу Элдар менен сүйлөшкөн кезде сапарга чакырган тарап менен жолугуша албай калган адамдардан кечирим суроону өтүнгөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров Айтматов менен сүйлөшкөндө президент Курманбек Бакиевдин тынчсыздануусун жана тез сакайып кетсин деген тилегин билдирген. (BD)
17:25 Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Ч.Айтматовдун ден соолугу жакшырып калгандыгын кабарлады