Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

11:15 Ж.Жээнбеков: “Чегараны аскерлер менен коргой албайбыз”


Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков “Азаттыкка” берген маегинде чегаралар маселесине токтолуп, аны жергиликтүү эл менен коргоого гана мүмкүн деген оюн билдирди. Анын айтымында, жер-жерлердеги бийликтин айрым өкүлдөрүнүн Кыргызстанга тиешелүү жерлерди өз алдынча сатуу фактылары катталган. “Мисалы, Араван районунда жергиликтүү бир жетекчи жерди сатып ийген. Баткен менен Лейлекте да жерди өткөрүп бергендер бар. Ошентип өзүбүздөн деле чыгып жатпайбы балтага сап болуп берчүлөр. Андыктан бул маселени катуураак карап, жергиликтүү эле шарт түзүп, колдоо көрсөткөндө жакшы болор эле”, - деп кошумчалады Ж.Жээнбеков. Депутаттын айтымында, талаштуу жерлерде жаштардын саны кескин азайууда. “Чөп чапканга жаштар жок. Ал боштук коңшу өлкөлөрдүн эсебинен толуп жатат. Акырын жылып келип, чегарадагы арыктын бер жагына тазалап отурук алып, толуп баратышат”, - дейт саясатчы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG