Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

8:08 23-майда “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин сот иши улантылат


Тыныгуудан кийин кайра жандандырылган сот иши “Алиби” гезитинин тарапкери келбей калгандыктан, 14-майда болбой калган. Бул эки гезиттин ишин Биринчи май райондук соту президенти Курманбек Бакиевдин жакын тууганы Асылбек Салиевдин доо арызынын негизинде март айынан бери карап жатат. Асылбек Салиев беделиме шек келди деп, гезиттерге 1 миллион сомдон кем эмес доо коюп жатат. “Де-факто” менен “Алибиде” жарыяланган макалада адам өмүрүн алган жол кырсыгына Салиевдин тиешеси бар экендиги белгиленген. (BuS)

XS
SM
MD
LG