Расмий Тбилиси бул айткандарынын далили катары учкучу жок учактан тартылган видеотасманы көрсөттү. Ассошиэйтед пресс агенттигинин маалымдашынча видеотасма аскерлер эмне алып бара жаткандыгын так аныктоого мүмкүндүк бербейт. Грузия тарап оор курал-жарак жайгаштыруу Абхазиядагы бейпил күчтөрдүн мандатына каршы келерин белгилеп жатат.