Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

11:45 Чынгыз Айтматов Германиядагы ооруканага которулду


Белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов Татарстандагы ооруканадан Германияга которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 18-майдан 19-майга караган түнү түнкү саат бир чамалай атайын даярдалган учак Чынгыз Айтматовду Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарына алып кетти. Мындай чечимге Татарстандын алдыңкы дарыгерлери 18-майда оорулуунун абалына байланыштуу чогулган консилиумдан кийин келишкен. Жазуучу Чыңгыз Айтматов 16-май күнү Татарстандын Казан шаарында “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде тартылып жаткан тасманын жүрүшүндө бөйрөгүнөн ноокастап ооруканага жаткарылган эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG