Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

14:40 Фучик сейил багына шаар жетекчилигине нааразы болгондор чыгышты


Бүгүн Бишкектеги Фучик атындагы сейил багына Ош базарынын айлана-тегерегинде соода кылып күн көргөн адамдар чыгышып, шаар жетекчилигине нааразычылыктарын билдиришүүдө. Нааразы болгондордун атынан Назар Нышановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ушул тапта нааразычылык акциясына соода кылган жеринен айрылган отузга чукул адам катышууда. “Ош базарында соода кылгандарды шаар жетекчилиги жумуш менен камсыз кылбай туруп айдап жиберишти. Эми булардын балдарын ким багат”,- дейт ал. Айта кетсек, мындан мурдараак шаар мэри Данияр Үсөнов Ош базарын кыдыруу учурунда бир катар кемчиликтерди айтып, башаламан соодага чекит коерун билдирген эле. Андан соң район жетекчилиги тарабынан базарды тартипке келтирүү боюнча бир катар иштер уюштурулган. (IJz)

XS
SM
MD
LG