Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

“АНДАШТЫН” БАГЫН АЛТЫ ДЕПУТАТ АЧАБЫ?


19-майда Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитет «Кумтөр» --> http://azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/05/7E338020-1FD8-4820-8E5B-5309DD563CF5.asp , “Андаш” алтын кендерине байланыштуу маселелерди карады. Анын соңунда “Андаш” кени боюнча маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ал жакын арада Таласка бармак болду.

Жогорку Кеңештин комитетинин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине “Кумтөр” кенин мамлекеттештирүү боюнча мыйзам долбоорун киргизилген. Бирок долбоордун демилгечиси, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Кумтөр кенине байланыштуу маселе өкмөттүк комиссияда каралып жаткандыктан, мыйзам долбоорун чакыртып алган. Ошондуктан депутаттар талкуулаган жана анын жыйынтыгында чечим алган маселе Таластагы “Андаш” кенине байланыштуу болду.

Талас районунда жайгашкан Андаш кенинде 19.5 тонна алтын жана 70 миң тонна жез бар экени белгилүү. Аны иштетүү максатында “Андаш майнинг компани” 2004-жылы түптөлүп, кенди иштетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бирок өлкөдөгү саясий кырдаал, экологиялык талаш-тартыштарга байланыштуу кенди иштетүү ушул кезге чейин создугуп келатат.

Экологиялык маселени өкмөттүк атайын комиссия иликтеп, апрель айында өзүнүн корутундусун жарыялаган. Анда Талас дарыясынын башатында, 2000 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан кенди иштетүүгө уруксат берилген. Эми депутаттык комиссия абалды иликтеп келүүгө жөнөмөкчү. Комитеттин чечимин анын төрагасы Юрий Данилов окуп берди:

-Андаш алтын кенинин айланасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлсүн. Анын курамына депутаттар Сергей Ибрагимов, Роза Отунбаева, Анаш Сейитказиев, Бейшен Абдырасаков, Динара Молдошева киргизилсин.

Комиссиянын иши тууралуу анын мүчөсү, депутат Динара Молдошева буларды билдирди:

-Ушул депутаттык комиссияга геологдордон, көз карандысыз эксперттерден кошуп, анан бир ай мурда түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнөн да кошуп, Көпүрө-Базар айылына, Андашка барып, ошол жеринде кырдаалды иликтеп, андан кийин элге маалымат берейли деген чечим кабыл алдык.

Депутаттык комиссиядан сырткары адистерден турган эксперттик топ да Андаш кенинин айланасында түзүлгөн кырдаалды иликтемекчи.
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышкан Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Андаш кенинин жанында кашарлары бар бир нече адамдар бар. Алар кенди иштетүүгө каршы чыгып келишкен. Бирок кенди иштетүү керек андан жергиликтүү калк да, мамлекет да пайда көрөт:

-Бирок ушул кезге чейин кенди иштетүүнүн долбоору бүтпөй жаткан. Мына эми бүттү. Ал бардык эксперттик комиссияларга берилди. Эксперттик комиссиялардын корутундусун да биз карап чыгышыбыз керек. Ошолорду карап чыккандан кийин элге барып, ар бир багыт боюнча адистерге эл алдында жооп бердиртебиз. Эми эл менен иштеш керек. Эл менен иштеген киши болбой жатат бүгүнкү күндө.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы өкмөттүн адистер менен иштешпегенин сынга алып, анын айынан Жерүй, Андаш кендери чатактуу маселеге айланып кеткенин белгиледи. Ал Кыргызстанга тоо-кен тармагын тейлеген бирдиктүү орган зарыл дейт:

-Бүгүнкү күндө тоо-кен өнөр жайында баш-аламандык өкүм сүрүп жатат. Мына ошого жол бербеш үчүн 1996-жылдан бери сунуш киргизип жатабыз, тоо-кен өнөр жай үчүн бирдиктүү жетекчи орган керек деп. Бул татаал тармак. Ага ошондой орган болмоюнча маселе чечилбейт. Бирок ал чечилбей келатат. Мына өкмөтүбүздө бир дагы адис жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG