Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

18:25 Коомдук парламент көйгөйлүү маселелер боюнча билдирүү жасайт


Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңеши 21-майда өтүүчү Коомдук парламенттин сессиясында каралуучу негизги жети маселени талкуулады. Анда Мирослав Ниязов “Жаңы Кыргызстандын өнүгүү концепциясы” боюнча доклад жасайт. Түп районундагы жөө жүрүштүн катышуучуларын ур токмокко алуу окуясы тууралуу Сапар Аргынбаев баяндап, бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылабыз, дейт Аликбек Жекшенкулов.

- Алардын ар биринин аты-жөнү белгилүү болду. Бизге каршы чагымды ким кандай уюштурганы маалым. Бул боюнча Башкы прокуратурага, мамлекеттик жетекчиликке өзүбүздүн позициябызды айтабыз. Өзүбүздүн сунуштарды беребиз.

Жекшенкулов белгилегендей Коомдук парламенттин сессиясында түштүктөгү коопсуздук, суу-энергетика, чегара, миграция маселелери боюнча төрага Абдыганы Эркебаев билдирүү жасайт. Ошондой эле Коомдук парламент мүчөлөрү массалык маалымат каражаттары, бүгүнкү күндөгү баалардын өсүшү жана азык-түлүк коопсуздугу тууралуу көз караштарын билдирип, бийликке сунуштарын жолдойт. Координациялык кеңеш эртең дагы ишин уланта турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG