Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

11:40 Кыргызстанда суу саясатын жүргүзүү зарыл


Бул тууралуу билдирген энергетика боюнча эл аралык эксперт Базарбай Мамбетов суу саясатынын жоктугунан агын суулар натыйжалуу пайдаланылбай жатканына токтолду. Ал ошондой эле коңшу мамлекеттер менен Орто Азияда сууну ырааттуу пайдалануу боюнча саясат жоктугун белгиледи. Анын айтымында, коңшулар суу аз болгондо электр кубаттуулугун алабыз деп, суу көп болгондо кыргыз тарап менен сүйлөшкүсү да келбейт. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстан кыргыз тарапка сууну берүү кызматы үчүн акы төлөшү керек. Мамбетов өлкө аймагында чакан орто ГЭСтерди жана кичи ГЭСтерди курууну колдой тургандыгын билдирип,бул өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болорун айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG