Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39

13:00 Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун абалы жакшы


Ал учурда Германиянын белдүү клиникаларынын биринде даарыланып жатат. Ага немистин жогорку деңгээлдеги дарыгерлери көзөмөл кылып турушат. Бул тууралуу Германиянын элчилигинен бүгүн маалымдашты. Атактуу жазуучу Татарстанга барып өзү жөнүндө “Кылым карытар бир күн” деген аталыштагы даректүү тасмага тартылып жатып 16-майда ооруп калган. Татарстандын дарыгерлери анын саламаттыгынын начарлап баратканынан кабатырланып консилиум өткөрүшкөн. 18-майдан 19-майга караган түнү Германиянын заманбап техникалар менен жабдылган Нюрнберг клиникасына абаучагы менен жеткирилген. Айтматовдун жанында анын жубайы, уулдары Аскар менен Элдар бар экендиги кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG