Бул тууралуу Канаданын Кыргызстандагы элчиси Маргарет Скок айыл, суу жана кайра иштетүү өнөржай министри Арыстанбек Ногоев менен болгон жолугушууда билдирди. Элчинин айтымында, Канада тарап Кыргызстандын аймагында улуттук биолаборатрия курууга 40 млн. доллар каражат бөлүүнү болжолдоодо. Долбоордогу биолаборатория азык түлүккө дүйнөлүк сапаттагы сертификат берүүгө ылайыкташтырылган. Учурда кыргыз тарап 4 гектар жер участогун чечип бербегенине байланыштуу курулуш иши башталбай тургандыгын Маргарет Скок баса белгиледи. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)