Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

17:31 “Карек” уюму Барскоон кырсыгынын 10 жылдыгына карата жарандык форум өткөрдү


Барскоон айылдык маданият үйүндө өткөрүлгөн бул форумга 1998-жылдын 20-май күнү Барскоон суусуна кулаган цианидден ууланган беш айылдын тургундарынын абалы өз кезинде бийлик тарабынан ал боюнча ачыкка чыкпаган фактылар жана канадалыктардан компенсация катары өндүрүлгөн 4 млн. доллардын кыйынчылыктары боюнча тасма көрсөтүлдү. Ага “Улуу биримдик” партиянын төрагасы Каптагаев, “Акыл ордо” кеңешинен Абдылдаев жана Жетиөгүз райондук акиминин орунбасары Канат Супатаев катышты. “Карек” бейөкмөт уюмунун төрайымы Иманкожоева “Кумтөр” бөлгөн 4 млн. доллардын берилбей аткан 28 млн. сому жаңы эле бийлик тарап түзүлгөн жаштар уюмуна которула турганын, ал ошондой болсо сотко берерин айтты. Белгилеп кетчү нерсе, саат 2де өтө турган бул митингге даярдык көрүлө баштаганда 11лер чамасында жаштар тобу пайда болуп, аны үзгүлтүккө учуратабыз деп клубду айланып жүрдү. Бирок качан гана райондук бийликтин өкүлдөрү дагы бул форумга келгенде алар тарап кетти. Мындай көрүнүштү саясатчылар менен коомдук эмес уюмдар чагымчылдыкка даяр турган топтор бар экен деп таанышты. Ошондой эле милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн тасманы жана катышуучуларды дагы камерага тартып, айрым жигиттер эшикке чыгып телефон аркылуу кимдир бирөөгө бул форумдун ар бир жүрүшүн байма-бай маалымдап турду. (RB)

XS
SM
MD
LG