Карасуу районуна караштуу Кашкаркыштакта жайланышкан «Кыргызайылтехсервис» лизинг компаниясынын № 15-филиалы таптакыр арзан баада сатылып кеткен. Бул туурасында аталган филиалдын директору Шарипа Маматкулова «Азаттыкка» маалымдап, президент Бакиевдин наамына кайрылуу жолдоп, уникалдуу базасы бар Оштогу жападан-жалгыз ишкананы мамлекет карамагында калтырууну, аны мыйзамсыз саткан аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну өтүнүшкөндүгүн кошумчалады. Ош облус губернаторунун орунбасары Болот Бүргөев бул факты боюнча өкмөткө сунуш жөнөтүшкөндүгүн, бирок Бишкектен ушул күнгө чейин жооп болбогондугун, ишканада азыр кош бийлик өкүм сүрүп, талашка чекит коюлчудай түрү жоктугун белгиледи. (АТо)