Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Казакстан сентябрь айына дейре мунай азыктарын экспорттобойт


Бул маалыматты Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар министри Сауат Мынбаев бышыктады. Анын негиздешинче, бул кадам дизель майына жана бензинге болгон бааны контролдоо үчүн жасалууда. Мунайды чет өлкөгө сатууга тыюу салынаарын 19-май күнү премьер-министр Карим Масимов билдирген. Казакстан мунайга жана газга бай өлкө, бирок күйүүчү майдын жогору наркы айыл чарбасына жана бааларга түздөн-түз таасирин тийгизип жатат.

XS
SM
MD
LG