Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

Кытайда жер силкинүүлөр уланып, эл арасында кымгуут жаратууда


Кечээ Кытай өкмөтү катуу жер титирөө болгон Сычуань аймагында жер дагы бир ирет силкиниши мүмкүн экенин элге сыналгы аркылуу эскерткен. Бул маалыматты уккан Чеңду шаарынын тургундары баш калкалап жаткан чатырларын таштап, ачык асман алдына качып чыгышкан. Мындан бир аз өтпөй эле аймакта кубаты 5 баллга жеткен силкинүү болду. 12-майда Кытайдын Сычуань аймагында 7.9 кубаттуулуктагы катуу зилзала болуп, анын кесепетинен 70 миң адам каза тапкан же урандылардын астында калып, ушул убакытка чейин дарексиз. Кечээ 19-май күнү Кытайда 3 күндүк аза күтүү башталды.

XS
SM
MD
LG