Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

19:30 Аскер соту Аксы окуясы боюнча өкүмүн чыгарды


Бүгүн кечке жуук ИИМдин мурдагы биринчи орун басары Садырбек Дубанаевке, Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго, областын мурдагы ИИБнин башчысы Кубанычбек Токобаевке Аскер соту өкүмүн уктурду. Ага ылайык С. Дубанаевке Бишкек гарнизондук сотунун аны актаган өкүмү күчүндө калтырылды. Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган З. Кудайбергенов менен К. Токобаевке бир жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратылышты. Соттолгондор өкүм абийрсиз жана ыймансыз экенин айтышып, бул өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылаарын айтышууда. Бул тууралуу Жалалабаттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов кабарлады. (ESu)

XS
SM
MD
LG