Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Грузияда парламенттик шайлоо боюнча сурамжылоо жарыяланды


Сурамжылоолорго караганда, Грузияда президент Саакашвили баштаган Улуттук биримдик кыймылы партиясы парламенттик шайлоодо 150 орундун көпчүлүгүн ээлеши ыктымал. Оппозициялык партиялар муну бийликтин каалоосу катары баалап, массалык демонстрацияга чыгаарын эскертти. 20-майда президент Саакашвили Грузияны улуттук биримдикке чакырып, Орусия Грузияны алсыздандыруу үчүн шайлоо алдындагы ар кандай жагдайды өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн деген. Мындай билдирүү Абхазия жана Осетияны Орусия колдоп жаткандыгына байланыштуу Тбилиси менен Москва ортосунда чыңалуу күчөп турганда айтылып отурат.

XS
SM
MD
LG